Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев ысырапкорчулукка жол бербөө боюнча КР Президентинин жарлыгы жана КМДБнын №5 фатвасын элге жеткирүү максатында райондордо айыл башчылары менен имамдарга казыяттын иш-планына ылайык түзүлгөн графиктин негизинде жолугушуулар өткөрүлүп жатат. Бул жолкусунда Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүлдү.
"Жылдык иш-планда КР Президентинин жарлыгы жана КМДБнын фатвасын элге жеткирүү үчүн райондордогу айыл башчылар менен имамдарга жыйын өткөрүү көрсөтүлүп, ага ылайык түзүлгөн графиктин негизинде райондордо жолугушуулар өткөрүлүп жатат. Буга чейин Кара-Суу, Ноокат жана Алай райондорунда өткөрүлүп, мына эми Өзгөн районунда өтүп жатат. Ар бир райондо айыл башчылар менен имамдар биргеликте аракет кылса, ысырапкорчулукка жол берилбейт деп ишенем. Ошол себептен жыйынга айыл башчылар менен тойлордо эл башкарган бийлерди жана имамдарды чогуу чакырдык. Ысырапкорчулукка жол бербестен, кайрымдуулукка, келечек жаштарды колдоо, кам көрүүгө, айылдарды көрктөндүрүү жана социалдык объектилерди оңдоп-түздөө иштерине жушмайлы", – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.
Аталган иш-чарага Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Өзгөн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы аким Каныбек Апбасов, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Өзгөн РИИБнин ЭММКАКтын жетекчиси, милициянын майору Анарбек Мойдунов, укук коргоо кызматкерлери, айыл башчылар, аксакалдар кеңеши, аялдар кеңеши, коомдук активисттер жана Өзгөн районунун баш имам-хатиби Үсөн Маматтурсун уулу баштаган имамдар катышты.