Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев Чоң-Алайга көчүп келген памирликтердин жашоосу менен жакындан таанышты. Облус казысы алар менен жеринде жолугушуп, турмуш шарты, балдардын окуу мүмкүнчүлүгү, диний билим берүүнүн жолдору боюнча сүйлөшүү өткөрдү.
Жолугушууга катышкан Улуттук агенттиктин Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу да жергиликтүү эл менен маек куруп, кары-жаштын пикирин уккан ал өзгөчө жаш балдарга көңүл буруп, алар менен өзүнчө пикир алышып, ата мекенге кайтып келген улутташтарга көңүл буруу ар бир жарандын милдети экенин белгиледи.
Чоң-Алайда памирлик бир туугандар менен бир дасторкондо олтуруп, эл менен жылуу маанайда баарлашкан Абибилла ажы кайрылмандардын көңүлүн көтөрүп, ыймандуулук, сабырдуулук жана билим алуунун мааниси тууралуу насааттарды айтты.
Ошону менен катар, Чоң Алай районунун баш имам-хатибине алар менен тыгыз байланышта болуп, дайыма абалынан кабар алып туруусу, балдардын окуусу жана диний билими боюнча өзгөчө көңүл буруп иш алып баруусу керектигин тапшырып өттү.
Бул сапар мекенге кайтып келген бир туугандарга болгон кайдыгер эместиктин жана диний жетекчилик жоопкерчилигинин айкын белгиси болду.
Айта кетсек, көп жылдык татаал жашоодон кийин Памирден Кыргызстанга көчүп келген 22 түтүн үй-бүлө азыр Чоң Алай районунда жашап жатат.