Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. 
Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. 
Байхаки
Аймактар | 15.05.2025
  • |

Ак-Төбө айылында имамга унаа белек кылынды

Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Ак-Төбө айылынын жашоочулары, өзгөчө жаштары айылдын имамы Майрамбек Жанибековго унаа белек кылышты.

12 жылдан бери имамдык кызматты аркалап, айыл элине диний илим-билим жана тарбия берип келген Майрамбек ажынын эмгегин жогору баалаган тургундар ага өз ыраазычылыгын билдирип, ушундай чоң белек тапшырууну чечишкен. Имам тургундарга терең ыраазычылыгын билдирип, айылдаштары үчүн дуба кылды.

Бул окуя айыл элинин ынтымагынын жана биримдигинин белгиси катары көпчүлүктүн көңүлүн бурду.