Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Бакиров Акжол Акжигитович Ош шаардык мусулмандарынын казысынын 1-орун басары болуп дайындалды. Ошондой эле калаа казысынын орун басары болуп Махмудов Марифжан Махамадович да дайындалып, тиешелүү буйрукка шаар казысы Самидин кары Атабаев кол койгонун казыяттан билдиришти.
Акжол ажы Бакировдун өмүр таржымалы:
Бакиров Акжол Акжигитович 1989-жылдын 25-августунда Ош облусуна караштуу Алай районунун Корул айыл өкмөтүндөгү Тогуз Булак айылында туулган.
БИЛИМИ:
* 1996-2005-ж.ж. А. Бекташов атындагы орто мектеби;
* 2005-2010-ж.ж. Өзгөн району, "Абдираим кары" медресеси;
* 2011-2015-ж.ж. Өзгөн району, "Имам аль-Бухарий" Ислам институту;
* 2019-2021-ж.ж. ОшТУнун гуманитардык-технологиялык колледжи;
АДИСТИГИ:
Араб тили жана шарият;
Бухгалтер.
ИШМЕРДҮҮЛҮГҮ:
* 2011-2014-ж.ж. Өзгөн району, "Абдираим кары" медресесинде мугалим;
* 2014-2015-ж.ж. Өзгөн районунун баш имам-хатибинин орун басары;
* 2015-ж. Өзгөн районунун баш имам-хатибинин милдетин аткаруучу;
* 2015-ж. Ош облусунун казысынын жардамчысы;
* 2016-2017-ж.ж. Ош облустук казыятынын курулуш жана мечиттер боюнча жооптуу адис;
* 2017-2021-ж.ж. Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана окуу боюнча жооптуу адис;
* 2017-2021-ж.ж. Ош облустук казыятынын ажылык иштери боюнча жооптуу адис, куратор;
* 2021-2024-ж.ж. Өзгөн районунун баш имам-хатиби;
* 2025-жылдын январь айынан тарта Бишкек шаардык казыятында үзүрлүү эмгектенип келе жаткан.
АЛГАН СЫЙЛЫКТАРЫ:
* 2016-жыл Ош облустук казыятынын Ардак грамотасы;
* 2020-жыл Ош облусунун Алай районунун Корул айылынын «Ардактуу атуулу»;
* 2021-жылы КМДБнын Ыраазычылык каты;
* 2024-жылы КМДБнын Ардак баракчасы.
Билген тилдери: Кыргыз, орус, араб тилдери.
Үй бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү; үч уул, бир кыздын атасы