Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Аймактар | 22.04.2025
  • |

Ала-Букада болочок ажыларга багытталган сабак өткөрүлдү

Жалал-абад облусунун Ала-Бука районундагы борбордук “Мухаммед Захид” жума мечитинде 2025-жылдагы ажылык сапарына аттана тургандар үчүн атайын окуу сабагы уюштурулду. Иш-чарага Ала-Бука, Аксы жана Чаткал райондорунан болочок ажылар, ошондой эле ажы башчылар катышты.

Окуу сабагында Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысынын орун басары Арпидин ажы Жороев ажылык ибадатынын мааниси жана анын негизги шарттары тууралуу кеңири маалымат берди. Ошондой эле, ажылык иштерин уюштуруу боюнча облустагы куратор Канатбек Мусурманкулов Кыргызстан мусулмандар Дин башкармалыгынын Ажылык иштерин уюштуруу штабы тарабынан белгиленген талаптар жана эрежелер менен тааныштырды.

Эске салсак, быйыл Жалал-Абад облусунан 1087 жаран ыйык ажылык сапарына катталган. Алардын ичинен Ала-Бука районунан – 111, Аксы районунан – 29, Чаткал районунан – 5 жаран ыйык сапарга баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан. Бул райондор үчүн жалпы төрт ажы башчы дайындалган.