Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Кимде-ким илим алуу үчүн жолго чыкса, Аллах ага Бейишке алып баруучу жолду жеңилдетет.” (Муслим, Зикр, 2699)
Кечээ, 27-май күнү Араван районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиевдин катышуусунда «Ысырапкерчиликтин алдын алуу – коомдук жоопкерчилик» темасында түшүндүрүү семинары болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фуркатбек Адилбек уулу, айыл өкмөт башчылары, айылдык активисттер, аялдар комитеттеринин өкүлдөрү жана дин кызматкерлери катышты.
Семинардын жүрүшүндө коомдо акыркы жылдары байкалган ысырапкорчулуктун күч алышы жана анын социалдык-экономикалык кесепеттери тууралуу кеңири сөз болуп, бул көрүнүштүн алдын алуу боюнча пикир алмашуулар жүрдү.
Облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев өз баяндамасында ысырап – бул коомдук жоопкерчиликке каршы келген көрүнүш экенин белгилеп, элди жөнөкөйлүккө, сарамжалдуулукка жана ынтымакка чакырды. Ошону менен катар, дин кызматкерлерин жана жергиликтүү жетекчилерди бул багытта эл арасында активдүү түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө үндөдү.
Иш-чара соңунда катышуучулар тарабынан ысырапкерчиликти алдын алуу максатында биргелешип иш алып баруу, жамааттарда түшүндүрүү иштерин жигердүү жүргүзүү боюнча насааттар айтылды.