Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Президент Садыр Жапаровдун “Жашыл мурас” улуттук программасынын алкагында Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыяты, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте Арстанбап-Ата күмбөзүнүн айланасын иретке келтирүү жана жашылдандыруу боюнча биргелешкен иш-чара өткөрүштү.
Сай жээгине кайың жана арча көчөттөрү олтургузулуп, күмбөз айланасы иретке келтирилди. Иш-чарага райондун акими Талантбек Эдилов, облус казысынын орун басары Арпидин ажы Жороев, райондун баш имам-хатиби Бакытбек ажы Тунгатаров, Арстанбап айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Адишов, ошондой эле жергиликтүү тургундар жана дин кызматкерлери катышты.
Район акими Талантбек Эдилов өз сөзүндө көчөттөр атайын Талас облусунан алынып келингендигин белгилеп, бул сыяктуу иш-чаралар мындан ары да улантыларын, Арстанбапты туристтик аймак катары дүйнөлүк деңгээлде таанытуу зарылдыгын баса белгиледи.
Ал эми облус казысынын орун басары Арпидин ажы Жороев мындай саамалыкта дин кызматкерлеринин активдүү катышуусу маанилүү экендигин айтып, кандай кырдаал болбосун мамлекеттик мекемелер менен кызматташууга даяр экендигин билдирди. Ошондой эле жергиликтүү элге жана уюштуруучуларга облус казысынын атынан ыраазычылык билдирип, ак батасын берди.
Бул демилге экологиялык тарбияны жайылтуу менен бирге жаратылышка болгон камкордук, маданий жана диний мурастарды сактоо, ошондой эле жергиликтүү элдин биримдигин чыңдоого багытталган иш-чара катары бааланды.