Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. 
Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. 
Байхаки
Аймактар | 21.05.2025
  • |

Ажылык – 2025: Ош шаарында зыяратчыларды узатуу жана тосуп алуу боюнча жолугушуу өткөрүлдү

Бүгүн, 20-май күнү Ош эл аралык аэропортунда ыйык ажылык зыяратка аттанган жарандарды узатуу жана тосуп алуу иш-чараларын уюштуруу боюнча жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Ош шаардык казысы Мирланбек ажы Токтомушов, Ош Эл аралык аэропортунун жетекчиси Тимурлан Маданбеков, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү жана тиешелүү кызматкерлер катышты.

Жыйындын жүрүшүндө ажылык сапарына даярдык көрүү, зыяратчыларды узатуудагы уюштуруу иштери, коопсуздук чаралары жана медициналык көзөмөл маселелери каралды. Ошондой эле, зыяратчыларды Сауд Араб Падышалыгынан кайтып келгенден кийин тосуп алуудагы тартип, транспорт жана тейлөө кызматтары боюнча да конкреттүү тапшырмалар берилди.

Ош шаарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов ажылык – мүмкүнчүлүгү жеткен ар бир мусулман үчүн ыйык парз экенин белгилеп, зыяратчыларга татыктуу шарттарды түзүү, аларды тилек кылып узатуу жана урмат-сый менен тосуп алуу бардык жооптуу тараптардын ыйык милдети экенин баса белгиледи.

Жыйындын соңунда ажылык сапары менен байланышкан бардык иштерди жогорку деңгээлде өткөрүү, биримдикте жана так уюшкандыкта иш алып баруу боюнча макулдашуулар болду.

Белгилей кетсек, ажалык сапарына аттануучулардын алгачкы тобу эртең, 21-май күнү Сауд Араб Падышалыгына учуп кетишет.