Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Бүгүн, 2-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты тарабынан өзгөчө муктаждыктагы балдар үчүн майрамдык иш-чара уюштурулду. Иш-чара Баткен шаары жана районунда жашаган ата-энесинен эрте ажыраган, социалдык жактан аялуу 70 баланы камтыды.
Майрамдык саамалык эрте менен Баткен шаарындагы борбордук мечитке жана облус казыятынын имаратына экскурсия менен башталып, балдарга исламдын адеп-ахлагы, ыймандуулук жана кайрымдуулук тууралуу маалымат берилди. Экскурсиядан кийин балдар үчүн атайын эртең мененки тамак уюштурулду.
Андан соң катышуучулар Баткен шаарындагы “Өрүк Зар” оюн-зоок паркына барып, ар түрдүү аттракциондордо жана оюн автоматтарында ойношуп, көңүлдүү маанайда эс алышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров балдарга казыят жана демөөрчүлөр тарабынан даярдалган таттуулар жана оюнчуктар салынган белек баштыкчаларын тапшырды. Ал өз сөзүндө балдарга көңүл буруу – ыйманга негизделген милдет экендигин белгилеп, мындай саамалыктар жыл сайын өткөрүлөрүн кошумчалады.
Ушундай эле майрамдык иш-чара Лейлек районунун хатибияты тарабынан да Раззаков шаарында уюштурулду. Бул жерде 32 аялуу балага майрамдык маанай тартууланып, белек катары жайкы кийим-кече жана таттуулар берилди. Лейлек районунун баш имам хатиби Кубатбек Абдыгапар уулу бүгүн келечек ээлери болгон ар бир балага мээрим төгүү эртең элдин жүгүн аркалаган уул кыздардын көбөйүшүн шарттаарын айтты.
Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты бул иш-чаралардын ийгиликтүү өтүшүнө көмөк көрсөткөн бардык демөөрчүлөргө, ыктыярчыларга жана колдоочуларга терең ыраазычылык билдирди. Казыят мындан ары да ушундай кайрымдуулук жана социалдык камкордукка багытталган иштерди уланта берерин белгиледи.