Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыяты Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте район аймагындагы диний маселелер боюнча масштабдуу жыйын өткөрдү. Жыйын райондук администрациянын чоң залында өтүп, ага тиешелүү мамлекеттик органдардын, укук коргоо кызматтарынын жана диний мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Жыйынга КР Президентинин алдындагы Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин облустагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев, Жалал-Абад облустук казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Базар-Коргон районунун акими Талантбек Эдилов жана райондогу тиешелүү мекеме-уюмдардын жетекчилери катышып, диний чөйрөдөгү негизги маселелерди талкуулашты.
Жыйындын күн тартибинде төмөнкү алты негизги маселе көтөрүлдү:
• Каттоодон өтпөгөн мечиттердин ишин жөнгө салуу; район аймагындагы каттоодон өтпөгөн мечиттерди мыйзам чегинде каттоого алуу.
• Президенттин 2022-жылдагы №54 Жарлыгынын аткарылышынын алкагында мамлекеттик органдар менен дин кызматкерлеринин кызматташуусун күчөтүү.
• Диний мекемелердин тазалыгы жана мүрзөлөрдү иретке келтирүү; мечиттердин санитардык абалын жакшыртуу жана көрүстөндөрдү тартипке келтирүү.
• Эрте никеге туруу маселеси жана жоопкерчилик; ата-энелер менен дин өкүлдөрүнүн жоопкерчилигин тең кароо жана алдын алуу иштерин жүргүзүү.
• Жаштар арасында кылмыштуулук жана экстремизмдин алдын алуу; радикализмге каршы профилактикалык иштерди күчөтүү.
• “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө” жаңы мыйзам боюнча түшүндүрүү; жаңы мыйзамдын мазмунун элге жеткирүү.
Райондун акими Талантбек Эдилов бул маселелерди чечүүдө мамлекеттик мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди. Ал каттоодон өтпөгөн мечиттерди тез арада мыйзамдаштыруу жана диний жайлардын тазалыгын камсыздоо боюнча иштерди жандандыруу зарылдыгын белгиледи.
Өз сөзүндө облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков бул маселелер бүгүнкү күндүн актуалдуу темалары экенин белгилеп, райондук жетекчиликке жана башка мекеме-уюмдардын өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар ортосунда макулдашууларга жетишилип, диний чөйрөдөгү көйгөйлөрдү мыйзамдуу жана координацияланган түрдө чечүү боюнча биргелешкен аракеттер улантылары айтылды. Ошондой эле дин кызматкерлери тарабынан тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү кызматтардын өкүлдөрүнө суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды.