Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. 
Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. 
Байхаки
Аймактар | 12.05.2025
  • |

Чүй: Жаңы кабыл алынган «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү» мыйзамын түшүндүрүү иштери кызуу жүрүүдө

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун имамдарына багытталган жыйын өтүп, анда Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 22-февралындагы №53 “Маркумду узатуу жана сѳѳгүн жайга коюу иши жѳнүндѳгү” Мыйзамын,  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 14-октябрындагы №296 «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндөгү» Жарлыгын, Кыргыз  Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 14-февралындагы №67 “Каза болгон жарандарды көмүү жана мүрзөгө коюлуучу курулмаларды орнотуу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу” токтомун аткаруу маселелери талкууланды.

Аталган жыйынга облус казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков, Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Ч.К. Бакашова, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Замирбек Өмүрзак уулу чакырылып баяндама жасашты.

Аталгандардан сырткары Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, Ысык-Ата районунун баш имам-хатиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, жергиликтүү кеңештин төрагалары, айыл  өкмөттөрдүн   социалдык  маселелер боюнча адистери, айыл башчылары жана айыл аймактын имамдары катышты.

Жыйында имамдар тарабынан суролор берилип, жооптор узатылды.