Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов райондогу Кашка-Суу жана Чоң-Алай айыл өкмөттөрүндө көчөт отургузуу акциясы өткөрүлгөндүгүн билдирди.
"Буга чейин районубуздагы Жекенди айыл өкмөтүндөгү дин кызматкерлери тарабынан көчөт отургузуу акциясы өткөрүлүп, анда 115 көчөт отургузулган болчу. Эми бүгүн Кашка-Суу жана Чоң-Алай айыл өкмөттөрүндө дин кызматкерлери тарабынан 220 түп көчөт отургузулду. Буга чейинкилерин кошуп эсептегенде жалпы 335 түп көчөт отургузулду", – деди баш имам-хатиб Алимбек ажы Маматаминов.
Ал райондун климаттык өзгөчөлүгүнө жараша 220 түп көчөттүн 200 түбү терек, калган 20 түбү кайын көчөттөрү экендигин кошумчалады.
Айта кетсек, көчөт отургузуу акциясы боюнча Ош облус аймагындагы дин кызматкерлери тарабынан жалпы 2869 түп көчөт отургузулду. Анын ичинен:
Казыят – 40;
Кара-Суу – 721;
Алай – 220;
Араван – 100;
Ноокат – 540;
Кара-Кулжа – 400;
Өзгөн – 513;
Чоң-Алай – 335.