Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
«Элдик Банктын» ислам терезесинин жетекчилери Талас облусуна иш сапары менен барып, Талас облустук мусулмандарынын казыятына зыярат жасашты. Зыяраттын алкагында «Элдик банктын» ислам терезесинин шарият кеңешинин төрагасы Денис Пышкин, «Элдик Банктын» ислам терезесинин жетекчиси Эстер Аймукамбетов жана бир катар банк кызматкерлерин Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиевдин жетекчилигиндеги казыят жамааты тосуп алып, эки тараптуу баарлашуу өттү.
Жолугушууда «Элдик банктын» ислам терезеси аркылуу көрсөтүлүп жаткан каржылык кызматтар, алардын шарият талаптарына шайкеш келиши жана Кыргызстандагы исламдык финансы системасынын өнүгүүсү тууралуу кеңири маалымат берилди. Бул жолугушуу — финансы менен диндин негиздерин айкалыштырган ислам каржылоосунун элге жакын жана түшүнүктүү болушуна багытталган маанилүү кадамдардын бири болуп калды.
Тараптар мындан ары да тыгыз кызматташуу менен коомчулукка адал жана натыйжалуу кызмат көрсөтүүгө ниетин билдиришип, облус аймагындагы дин кызматкерлердин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында окутуулар боюнча да кеңешти.