Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Аймактар | 28.04.2025
  • |

Кара-Сууда ысырапкорчулукка каршы масштабдуу иш-чара өткөрүлдү

Бүгүн, 28-апрель күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы "Исмаил Ата" мечитинде райондогу жалпы айыл өкмөттүн башчылары, айыл башчылары, тойлорду алып баруучу бийлер, активисттер жана дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, ысырапкорчулукка жол бербөө багытындагы бир катар маселелер каралды.

Аталган жыйынга Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Кара-Суу райондук администрациянын башчысы-акими Канат Таабалдиев, Кара-Суу РИИБдин ЭММКАКтын жетекчиси, милициянын майору Эсен Ашимов жана Кара-Суу районунун баш имам-хатиби Исак ажы Юнусов катышып, өз баяндамаларын жасады.

Ошондой эле, ысырапкорчулукка жол бербөө менен бирге "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү" мыйзамы боюнча да бир катар маалыматтар айтылып, учурда эскертүү жүрүп жаткандыгын, айып пул салынганга чейин жалпы элге туура түшүндүрүү керектиги билдирилди.

Жыйын соңунда катышуучулар тарабынан суроолор, сунуш-пикирлер берилип, тиешелүү жооптор алынды.