Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. 
Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат».
Зумар сүрөсү, 39/9
Аймактар | 22.05.2025
  • |

Караколдо дин таануу мугалимдери үчүн сабак өтүлдү

Бүгүн, 22-майда Каракол шаарында Ысык-Көл облусунун райондорундагы мектептерде “Диндердин өнүгүү тарыхы» сабагынан окуучуларга билим берип келе жаткан мугалимдер үчүн атайын сабак өтүлдү. Окуу иш-чарасын Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев алып барды.

Сабактын жүрүшүндө Атабаев мугалимдерге диний билимди туура, бейтарап жана түшүнүктүү формада берүү, сабак өтүүдө балдардын жаш өзгөчөлүгүнө жараша темаларды жеткирүү, конфессиялар аралык сабырдуулук жана толеранттуулук тууралуу маселелерге токтолду.

Мугалимдер мындай жолугушууну пайдалуу деп баалап, окуучуларга туура маалымат жеткирүүдө диний багыттагы кошумча билимдердин маанилүүлүгүн белгилешти.

Бул сыяктуу сабактар билим берүү менен дин чөйрөсүнүн ортосундагы тыгыз кызматташтыкты чыңдоого жана коомдо диний сабаттуулукту жогорулатууга багытталган иш-чаралардын бири катары бааланды.