Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
Каракол шаарында жайгашкан 118 жылдык тарыхы бар «Жыгач» мечитинин сырткы келбети жаңыртылууда. Бул иш-чараны Каракол шаарынын баш имам-хатиби Рустам ажы Ыбыкеев жетектеп, анын орун басары жана мечиттин жамааты биргелешип жүргүзүүдө.
Иштин алкагында мечиттин дубалдары краскаланып, тегереги кооздолуп жатат. Максат – мечитке келген жарандарга жагымдуу шарт түзүү жана тарыхый диний мурастарды сактап, аларды таза жана заманбап абалда кармоо.
Жергиликтүү тургундар бул аракетти жылуу кабыл алып, айрымдары өз ыктыяры менен жардам көрсөтүшүүдө. Бул демилге коомчулуктагы ынтымакты жана динге болгон урмат-сыйды дагы бир жолу тастыктады.
Көрктөндүрүү иштери жакынкы күндөрү толугу менен аяктаары күтүлүүдө. 118 жылдык тарыхка ээ болгон «Жыгач» мечити өзүнүн тарыхый маанисин сактап, жаңы өңдө коомчулукка кызмат кылмакчы.