Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Нарын облусунун казыятынын жамааты тажрыйба алмашуу жана кызматташтыкты бекемдөө максатында Талас облусуна иш сапар менен келишти. Бул зыяратка Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов жетектеп барган казыят кызматкерлерин Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев тосуп алып, «Манастын күмбөзүнө» зыярат кылуу менен башталды.
Андан соң жолугушуу Талас облустук казыятынын кеңсесинде уланды. Жолугушууга Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев жана казыят кызматкерлери катышып, тараптар казыяттын ишмердүүлүгү, диний билим берүү, жарандык коом менен болгон байланыштар тууралуу өз ара пикир алышып, сунуштарды ортого салышты. Ошондой эле эки облустун казыяттарынын ортосунда тажрыйба алмашуу аркылуу дин кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу, зыяраттарды уюштуруу жана коомго пайдалуу иш-чараларды ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири пикир алмашуу болду.
Зыяраттын алкагында, ыйык жума күнү Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов Талас шаарындагы мечиттеринин биринде жума намазында хутба окуду. Аталган хутбада ал ыйман, адеп-ахлак, коомдук ынтымак, үй-бүлөлүк тарбия жана жаштардын руханий дүйнөсүн байытуу боюнча мазмундуу баяндамасын жасап, жалпы жамаатка таасирдүү жана тарбиялык мааниге ээ болгон насааттарын жеткирди. Зыярат учурунда коноктор жаңы салынып жаткан 4200 орундуу борбордук мечиттин курулушу менен да таанышып чыгышты.
Бул күнү Талас облусунун тарыхый, маданий жана диний жайлары тааныштырылып, достукту жана кызматташтыкты чыңдаган маанилүү күн болуп калды. Бул иш-чара казыяттар ортосундагы ынтымакты арттырып, аймактар аралык кызматташуунун мыкты үлгүсү катары бааланат деп ишенебиз.