Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Аймактар | 24.04.2025
  • |

Ноокаттагы "Алике" мечитинде жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун баш имам-хатиби Бекназар ажы Жапаров Н. Исанов айыл өкмөтүндөгү "Алике" мечитинде жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлгөндүгүн билдирди.

"Алике" мечитинин имамы Азатбек ажы Көчкөнбаев жергиликтүү жамааттагы жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышын уюштуруп, жеңүүчүлөргө жана катышуучулардын баарына сыйлыктарды тапшырды. Аталган мелдешти өткөрүүгө жергиликтүү тургун Бекиш Болуш уулу демөөрчүлүк кылган.

Сыйлык тапшыруу аземине баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров да катышып, жаштарга акыл насааттарын айтып өттү.

"Жаш кездеги күч-кубатты окуп илим алууга багыттоо жакшы нерсе, жаштыкта алынган илим ташка тамга баскандай калат. Бул да болсо, жашоодо түз жүрүм-турум менен ийгиликке жетүүгө багыт берет. Мелдешти уюштурган жана аны каржылаган адамдардан Аллахым ыраазы болсун", – деди баш имам-хатиб Бекназар ажы Жапаров.