Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Ош шаарындагы «Эрдем» мечитинде Курман айт майрамы жогорку деңгээлде белгиленди. Майрамдык иш-чарага «Эрдем» мечитинин имамы Мунарбек ажы Акматов катышып, жаш жеткинчектерге түрдүү оюнчуктарды белек кылды.
Ошондой эле Курман айттын мааниси, ыйман, боорукерлик жана кайрымдуулук тууралуу насааттар айтылып, майрамда курмандык чалуу жана майрамдык маанай менен өткөрүү зарылдыгы баса белгиленди.
Айт күндөрү ушул эле мечитте 175 муктаж үй-бүлөгө курмандыкка чалынган малдын эттеринен 2 кг дан таратылды.
Айта кетсек, «Имам аль-Бухарий – Алай» атындагы борбордук мечитте шаар казысы Самидин кары Атабаевдин тапшырмасына ылайык, Курман айт майрамына чалынган курмандыктардын эттери калаадагы муктаж үй-бүлөлөргө, жетим-жесирлерге, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жардамга муктаж жарандарга таратылды. Курмандыктын эти алдын ала такталып жазылган тизмеге ылайык берилгенин билдирген «Имам аль-Бухарий – Алай» борбордук мечитинин имамы Хадисбек кары Нурматов бул иш-чара кайрымдуулукту жайылтууга, ыймандуу коомду калыптандырууга багытталганын баса белгилеп, кызмат кылган бардык тараптарга ыраазычылык айтты.