Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Бүгүн, 21-апрель күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев облустагы жалпы жума мечит имамдарына жыйын өткөрүп, бир катар маселелер боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди.
- КМДБ, Аалымдар Кеңешинин токтомдорун, казыят жана хатибияттан берилген тапшырмаларды аткарууда жоопкерчиликтүү болуу;
- Жума намазынын убактысы, хутбанын айтылуусу, минбардын түзүлүшү жана жума намазын окуу үчүн тиешелүү шарттардын болуусу;
- Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзам боюнча түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү;
- Мечиттердин ички жана сырткы тазалыгына көңүл буруу, Ош-Бишкек жолундагы мечиттерде аялдар намаз окуусу үчүн бөлмөлөрдү уюштуруу;
- Финик тиркемесине катталуу жана мечиттердин финансылык маселелерин жолго коюу;
- Калктын руханий тарбиясын күчөтүү жана мечит имамдарынын агартуучулук ролун бекемдөө максатында шам баяндарын үзгүлтүксүз улантуу.
"Жума намазынын убагы өтө маанилүү, жамааттын абалын туура түшүнүү менен өз убагында баштап, мүмкүн болушунча кыска сүрөлөрдү окуу керек. Ошондой эле, дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзам боюнча элге түшүндүрүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү зарыл. Хиджаб менен никабдын айырмасын айтып жеткирүү шарт. Ошону менен бирге, өлкө боюнча жалпы мечиттерде шам баяндары айтылып жатат. Аны жоопкерчилик менен үзгүлтүксүз улантуу керек. Мечит имамы катары жергиликтүү жамаатка айтып мечиттин тазалыгы жана ибадат кылууга тиешелүү шарттарды түзүү боюнча да иш-аракеттерди көрүңүздөр", – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.
Аталган жыйынга Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят кызматкерлери, райондук баш имам-хатибдер жана облустагы жалпы жума мечит имамдары катышты. Айта кетсек, облус боюнча жалпысынан 242 мечитте жума намазы окулат.