Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. 
Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат».
Зумар сүрөсү, 39/9
Аймактар | 03.06.2025
  • |

Ош облусу: Кезектеги көчмө жыйын ысырапкорчулукка каршы күрөшүүгө багытталды

Бүгүн, 3-июнь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын чоң жыйындар залында “Ысырапкорчулук менен күрөшүү — баарыбыздын милдетибиз” деген темада жыйын өткөрүлдү.

Иш-чарага Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев, райондук администрациянын аппарат жетекчиси, айыл өкмөт башчылары, эл башчы-бийлер, мектеп директорлору, аялдар комитеттеринин өкүлдөрү жана имамдар катышты.

Жыйындын негизинен коомчулукта кеңири орун алган ысырапкорчулук көрүнүштөрүнө каршы күрөшүү, бул багытта түшүндүрүү иштерин күчөтүү талкууланып, ашыкча чыгымдарды болтурбоо жолдору ортого ташталды. Ошондой эле нээматтарды ысырапка эмес, элге пайда алып келе турган иш-аракеттерге багыттоо маселеси козголду.

Катышуучулар ысырапкорчулукка каршы күрөшүүдө коомдук аң-сезимди көтөрүү, үй-бүлө, коом жана билим берүү чөйрөлөрүндө тарбия иштерин жүргүзүү маанилүү экенин белгилешти. Иш-чара жыйынтыгында тиешелүү сунуштар айтылып, мындан аркы иштерди уюштуруу боюнча багыттар белгиленди.

Ош облусунун казысы Кара-Кулжа районуна жасаган иш сапарынын алкагында аталган райондо курулуп жаткан диний объектилерден кабар алды.