Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. 
Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат».
Зумар сүрөсү, 39/9
Аймактар | 22.05.2025
  • |

Ош жана Жалал-Абад облусундагы дин кызматкерлери кызматташтыкты чыңдашууда

Ош жана Жалал-Абад облустарынын казыяттарынын ортосундагы кызматташтык мындан ары да тыгыз улантылат. Бүгүн эки облустун дин кызматкерлери ортосунда уюштурулган илимий иш сапардын алкагында бир катар маанилүү жолугушуулар өттү.

Иш сапарга эки облустун казылары, казыяттарынын өкүлдөрү, район жана шаарлардын баш имам-хатибдери катышып, казыяттардагы бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгү боюнча тажрыйба алмашты. Пикир алышууларда дин кызматкерлеринин административдик иш алып баруусу, үгүт-насаат иштерин жүргүзүү, жаштар жана коомчулук менен иштөө багыттарында пайдалуу сунуштар жана тажрыйбалар ортоктошулду.

Мындай кызматташтык — аймактар аралык диний кызматтын сапатын жакшыртууга жана жалпы мусулмандардын диний аң-сезимин жогорулатууга өбөлгө болот. Ошондой эле бул сапар кызматкерлердин бири-бири менен тыгыз байланышта иш алып баруусуна, тажрыйба топтоосуна жана жаңы идеяларды ишке ашыруусуна шарт түздү.

Иш сапардын соңунда катышуучулар мындай жолугушууларды туруктуу негизде улантуу зарылдыгын белгилешти.

Казыяттардын кызматташтыгын бекемдөөгө багытталган иш-чаранын планы:

- Өзгөн районундагы "Имам Сарахсий" күмбөзүн жана Өзгөндөгү тарыхый жерлерди зыярат кылуу;
- Казыят кызматкерлери менен иш жеринде тажрыйба алмашуу;
- Кара-Суу районундагы "Сармазар" мазарда жайгашкан Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзүн зыярат кылуу;
- Түштөнүү
- "Абу Ханифа" медресесинде акыйда боюнча кыскача сабак өтүү;
- Кечки тамак жана конокторду узатуу

Ош облусунун мусулмандарынын казысы конок болуп келген Нематулла ажы Жээнбеков баштаган Жалал-Абад облусунун казыятынын эмгек жамаатын жогорку деңгээлде тосуп алса, Нематулла ажы иш-сапарды жогорку деңгээлде уюштуруп жаткан Абибилла ажы Кадырбердиевге ыраазычылык билдирди.