Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. 
Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. 
Байхаки
Аймактар | 15.05.2025
  • |

Ошто ар бир дин кызматкери тарабынан көчөт отургузуу акциясы башталат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Жашыл Мурас» демилгесин колдоого алуу максатында Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев облус аймагындагы жалпы дин кызматкерлеринин кайрымдуулук катары көчөт отургузуу акциясын өткөрүшү боюнча тапшырма берди.

Бул көчөт отургузуу акциясы кайрымдуулук катары өткөрүлгөндүктөн, төмөнкү тартип сунушталды.

— Ар бир мечит имамы эң аз дегенде 3 көчөт;

— Облус аймагындагы диний окуу жайлар эң аз дегенде 9 көчөт.

«Ноокат, Араван, Кара-Суу жана Өзгөн райондорунда көчөт отургузуу акциясын өткөрүү башталуу алдында турат. Ал эми Алай, Чоң-Алай жана Кара-Кулжа райондору аба ырайына карап, ыңгайлуу убакытта башташат. Буйруса казыят кызматкерлери да ар бири 3 көчөт отургузуу менен акцияны баштап беребиз. Ар бир имам көчөттөрдү өз каражатынан кайрымдуулук катары жумшайт», – деди облус казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков.

Айта кетсек, облус аймагында 1000ден ашуун мечит жана 50гө чукул диний окуу жай бар.