Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Бүгүн, 6-июнда Курман айт майрамына карата Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган казыят жамааты Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фуркатбек Адилбек уулу башында турган жамааты менен биргеликте диний конфессиялар аралык жолугушуу өткөрүштү.
Иш-чаранын негизги максаты – конфессиялар аралык ынтымак, ошондой эле ислам дининин толеранттуулукка жана берешендикке үндөгөн баалуулуктарын айгинелөө болуп саналат.
Жолугушуунун алкагында, демилгечилер Ош шаарындагы православ жана католик чиркөөлөрүнүн баш кызматкерлери менен жолугуп Курман айт майрамы менен куттукташты.
Иш-чарада өз ара түшүнүшүү, сый-урмат жана тынчтыкты бекемдөө тууралуу маанилүү ойлор айтылып, диндер аралык ынтымакты чыңдоонун жолдору талкууланды.
Аталган жолугушууда Ош облустук казыяты тарабынан жасалган курмандык этинен белек катары берилип жатып, "Диндер аралык түшүнүшүү жана сый-урмат коомубуздагы тынчтык жана ынтымактыктын негизги тиреги. Бул жолугушуу – ар түрдүүлүккө болгон сабырдуулукка багытталган маанилүү кадам болуп калды", – деген пикир А. Кадырбердиев тарабынан айтылды.