Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. 
Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат».
Зумар сүрөсү, 39/9
Аймактар | 04.06.2025
  • |

Самидин кары Атабаев Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев менен жолугушту

Бүгүн, 4-июнда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош шаарынын мусулмандарынын жаңы казысы Самидин кары Атабаевди кабыл алды. 

Өз сөзүндө мэр Самидин кары Атабаевди жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, этностордун ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо боюнча казыяттын жүргүзүп жаткан ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.