Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
Сузак районунун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов район аймагындагы жалпы мечит имамдары менен биргеликте мечиттердин тазалыгы жана иреттүүлүгү боюнча көзөмөл иштерин жүргүзүүдө. Бул жолку иш сапарында имамдарга тазалык жана мечитке кам көрүү боюнча конкреттүү тапшырмалар берилип, айыл өкмөттөрүнүн имамдарына ишембилик өткөрүү сунушталды.
Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай, С.Атабеков айыл өкмөтүнө караштуу «Халвай сопу» мечитинин курулушунда өзгөчө үлгү көрсөткөн имам Шавкат Джоробаевдин аракеттери болду. Ал алган биринчи айлыгын мечиттин курулуш иштерине ыктыярдуу түрдө жумшады. Бул анын мечитке, динге жана жамаатка болгон чын дилден берилгендигинин айкын белгиси экенин казыяттан айтышты.
Баш имам Жунус ажы Исмаилов бул саамалыкты жогору баалап, имам дамлага ыраазычылык билдирип, анын дин жаатындагы талыкпаган кызматын белги жана үй-бүлөсүнө дуба кылды. Бул сыяктуу демилгелер башка имамдарга да дем берүүчү үлгү болуп, ыйман жолунда кызмат кылгандарга шыктандыруучу күч берет.