Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Талас облусундагы Бакай-Ата, Талас райондору жана Талас шаарынын имамдары үчүн дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзам боюнча түшүндүрүү иштери уюштурулду.
Иш-чарага Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев, КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттигинин Талас облусундагы өкүлү Темирлан Нурадилов, ошондой эле укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү” мыйзамынын негизги жоболору, диний уюмдардын катталышы, алардын ишмердүүлүгүнүн укуктук чектери жана диний радикализмдин алдын алуу маселелери талкууланды.
Ошондой эле, катышуучулар тарабынан берилген суроолорго тиешелүү жооптор берилип, пикир алмашуу болуп өттү. Бул сыяктуу жыйындар имамдардын укуктук билимин арттырууга өбөлгө болуп, диний чөйрөдөгү мыйзамдардын так жана туура аткарылышын камсыздоодо маанилүү роль ойномокчу.