Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Темир айылында 1987-жылы туулган айыл жаштары 20 жылдык мааракесине карата муктаж үй-бүлөгө 3 бөлмөлүү турак жай салып беришти. Бул кайрымдуулук иши айылда жакшы салтка айланып баратат. Аны Темир айылынын имамынын демилгеси менен биринчи болуп 1985-жылкы жаштар баштап, 1986-жылкы жаштар уланткан. Алар өз мааракелеринде экиден үй-бүлөгө жаңы үйлөрдү куруп беришкен.
87-жылкы жаштар да бул саамалыкты улантып, алгачкы үйдү бүтүрүп, көп жылдан бери бир бөлмөлүү үйдө жашап келген үй-бүлөгө тапшырышты. Экинчи үйдүн курулушу учурда жүрүп жатат.
Үйдү тапшыруу аземине айылдын аксакалдары, энелери, тургундары жана коноктор катышып, жалпы элдин батасы менен иш-чара өткөрүлдү. Иш-чара Куран окуу менен башталып, Куранды Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев окуду. Андан соң Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев, Садыр-Аке айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жана башка коноктор куттуктоо сөздөрүн айтып, баталарын беришти. Келгендердин айрымдары үй-бүлөгө ар түрдүү белектерин тапшырышты.
Салтанаттуу түрдө лента кыркылгандан кийин жаңы үй расмий түрдө ээсине тапшырылды. Ошондой эле, 1987-жылкы жаштарга бул жакшы иштери үчүн ыраазычылык барактары тапшырылды. Иш-чара учурунда ыраазычылык көз жашын кармай албагандар да болгонун казыяттан маалымдашты.
Бул демилге айылдагы ынтымактын, боорукерликтин жана жигердүүлүктүн даана үлгүсү болуп калды. Темир айылынын жаштары баштаган бул салт мындан ары да уланат деген ишеним бар.