Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Садыр Аке айыл өкмөтүнүн аймагында жаштарга арналган маанилүү форум болуп өттү. Иш-чаранын негизги максаты – жаштардын Мекенге болгон сүйүүсүн арттыруу, руханий-адептик тарбияны бекемдөө жана коомдук турмушка активдүү катышуусун камсыздоо болду.
Форумга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Гүлжан Молдожанова, Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев, Ысык-Көл РИИБнин начальниги Акылбек Бекишов, айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, жергиликтүү депутаттар, жаштар активисттери жана билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү катышты.
Иш-чарада төмөнкү негизги багыттар боюнча талкуулар жүрдү:
Жаштар арасындагы ынтымак жана коомдук биримдик;
Терс диний агымдардан сактануу жана туура диний билим алуу;
Лидерлик жана жарандык активдүүлүк;
Мекенчилдик тарбия жана улуттук баалуулуктар;
Милиция жана жаштардын өз ара кызматташуусу.
Ошондой эле катышуучуларга улуттук жана мамлекеттик деңгээлдеги документтер – Президенттин жарлыктары, мамлекеттик идеология жана жаштар саясаты тууралуу маалыматтар берилип, суроо-жооп форматындагы жандуу талкуулар болду.
Иш-чара жыйынтыгында активдүү жаштарга ыраазычылык билдирилип, алардын сунуштары жана пикирлери жергиликтүү бийлик тарабынан эске алынмай болду. Форум жаштарга мотивация, жоопкерчилик жана Мекенге кызмат кылуу сезимин тартуулоо менен жогорку деңгээлде өттү.