Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. 
Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. 
Байхаки
Аймактар | 23.06.2025
  • |

Өзгөндө дин кызматкерлери арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү

Кечээ, 22-июнь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда райондук хатибият тарабынан жалпы имамдар арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу баш имам-хатиб Үсөн Маматтурсун уулу билдирди.

Аталган мелдеш спорттун футбол жана волейбол түрүнөн болуп, ага ар бир айыл өкмөт жана Өзгөн шаарынан бирден команда түзүлүп, жалпысынан 13 команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгында алдыңкы орундарга диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчүлөр:
Спорттун волейбол түрүнөн:

1- орун – Дөң-Булак а/ө
2-орун – Төрт-Көл а/ө
3-орун – Куршаб а/ө

Спорттун футбол түрүнөн:
1-орун – Өзгөн шаары
2-орун – Кара-Шоро а/ө
3-орун – Кароол а/ө

Ошону менен бирге мыкты оюн көрсөткөндөр үчүн атайын номинациялар да тапшырылды.

Аталган мелдеш Төрт-Көл айыл өкмөтүндөгү Шоро-Башат айылында өткөрүлдү.

Айта кетсек, райондордо өткөрүлгөн спорттук мелдештердин жыйынтыгында ар бир райондон мыкты командалар тандап алынып, финалдык беттеш жыл аягында райондор арасында казыят тарабынан өткөрүлөт.