Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасынын негизинде Өзгөн районунун борбордук мечитинде райондогу жалпы имамдар үчүн жол кыймылынын эрежелерин сактоо маданиятын жогорулатуу, кызматкерлердин жол эрежелерине болгон жоопкерчилигин арттыруу максатында атайын семинар өткөрүлдү.
Семинарга Өзгөн РИИБ боюнча ЖККБ бөлүмчөсүнүн башчысы, милициянын майору Жаныш Кабылов, милициянын майору Каныбек Эсеналиев, милициянын улук лейтенанты Азизбек Тагаев жана Өзгөн районунун баш имам-хатиби Үсөн Маматтурсун уулу баштаган жалпы имамдар катышты.
Өзгөн РИИБ Боюнча ЖККБнын кызматкерлери өз баяндамаларын жасап имамдарга пайдалуу жана керектүү болгон маалыматтар айтылып, намаздарда бардык жамаатка жеткирүү сунушталды.
Катышуучуларга Өзгөндүн аймагында катталган жол кырсыктары боюнча маалымат берилип, кооптуу болгон чекиттер тааныштырылды.
Семинардын соңку бөлүгү суроо-жооп менен коштолду.