Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. 
Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. 
Байхаки
Аймактар | 19.06.2025
  • |

Жайыл районунда адал-арам темасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын борбордук мечитинде шаардагы мал союучу жайда эмгектенген касапчы жигиттер менен жолугушуулар өткөрүлдү. Бул иш-чарада шарияттагы мал союунун эрежелери жана адал-арам маселелери боюнча кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

"Шариятыбызда эт маселеси өтө олуттуу каралат. Ошол себептен мал соёрдо сөзсүз «бисмилла» деп айтып, малга зулумдук кылбастан союу абзел. Себеби адамдын дубасынын, ибадатынын кабыл болуусу анын ичип-жеген ырыскысына байланыштуу болот", – деп баса белгиледи райондун баш имам-хатиби Нурдан ажы Өмүралиев.

Иш-чаранын негизги максаты — күнүмдүк жашоодо шарият талаптарын сактоо жана адал турмушту илгерилетүү.