Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыятына баруучу негизги жолго асфальт төшөлүп, элге ыңгайлуу шарт түзүлдү. Бул иш облус казысы Нематулла ажы Жээнбековдун демилгеси жана аракетинин негизинде жүзөгө ашырылды.
Облус казысы буга чейин аталган жолду оңдоо зарылдыгын айтып келген. Өзгөчө жаан-чачын мезгилинде жолдун айрым жерлеринде суу топтолуп, көлчүккө айланып, ал эми кургакчылыкта чаң баскандыктан, мечитке жана казыят кеңсесине келүүдө ыңгайсыздык жаралып келген.
Казыяттын демилгесин жана суранычын колдоого алып, жардам көрсөткөнү үчүн облус казысы Нематулла ажы шаар мэри Эрнисбек Ормоковго жана Жалал-Абад шаардык мэриясынын жол башкармалыгынын жетекчиси Заттарбек Боронбаевге ыраазычылык билдирди. Ошондой эле жол курулуш ишинде талыкпай эмгектенген жолчуларга ак батасын берип, алардын ишине ийгилик каалады.