Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыятынын илимий иш сапары Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан «Абу Мансур аль-Матуриди» атындагы ислам институтунда уланды.
Иш сапардын алкагында Жалал-Абад облусунун дин кызматкерлери аталган окуу жайдын ишмердүүлүгү, окуу программалары жана студенттердин даярдыгы менен таанышып, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн пайдаланууга аракет кылды.
Мындан сырткары, эки облустун дин кызматкерлеринин катышуусунда өткөн жолугушууда Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков ханафи мазхабынын келип чыгышы боюнча дарс окуса, Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев тарабынан акыйда илими боюнча атайын лекция окулду. Лекцияда ислам ишениминин негиздери, Матуриди акыйда мектебинин өзгөчөлүктөрү жана бүгүнкү күндөгү дин кызматкерлеринин ролу тууралуу кеңири түшүндүрмө берилди.
Бул сапар эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо жана диний билим деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурулуп, казыяттар аралык байланыштарды өнүктүрүүгө чоң салым кошмокчу.