Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Базар-Коргон районундагы “Хизир Алейхи Салам” жума мечитине барды. Анда жергиликтүү жамаатты Ыйык Рамазан айы менен куттуктап, Рамазан жана адеп-ахлак туурасында баян кылды.
Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби Бакытбек ажы Туңгатаров район аймагындагы 164 мечитте таравих намазы, 22 мечитте бир парадан Куран катмы окулуп жатканын айтты.
Эске салсак, облус казысы буга чейин Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы бир катар мечиттерге барып, жергиликтүү жамаат менен таравих намазын окуган.