Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. 
Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат».
Зумар сүрөсү, 39/9
Аймактар | 29.05.2025
  • |

Жалал-Абадда имамдар ислам каржылоосу боюнча семинарга катышты

Жалал-Абад шаарында имамдар үчүн ислам каржылоо темасында семинар өткөрүлүп, шариятка ылайык каржылык инструменттер боюнча кеңири маалымат берилди.

Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) фатва бөлүмүнүн адиси Алимбек ажы Батыралиев, Мбанктын шарият кеңешинин мүчөлөрү Олжобай ажы Алимбеков жана Таажжудин ажы Эшенакулов, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков баштаган шаардагы мечит имамдары катышты.

Семинарда Мбанктын шарият кеңешинин мүчөсү Олжобай ажы Алимбеков акыйда жана мазхаб боюнча баяндама жасап жатып, төмөнкүдөй пикирин билдирди:

«Ислам каржылоосу – адилеттүүлүккө, жоопкерчиликке жана тыюу салынган пайыздан оолак болууга негизделет. Имамдардын бул жааттагы түшүнүгүн тереңдетүү – коомго туура маалымат жеткирүүдө өтө маанилүү кадам», – деди ал.

Ал эми Таажжудин ажы Эшенакулов ислам каржылоосунун негизги түшүнүктөрү тууралуу маалымат берип, мурабаха, мудариба жана ижара келишимдеринин маңызын түшүндүрдү. Мындан сырткары, Мбанктын ислам терезесинин директору Эдил Айдаров аталган бөлүмдүн ишмердүүлүгү тууралуу айтып өттү.

Семинарда катышуучулар Кыргызстандагы ислам банкчылыгынын өнүгүү жолдору жана практикалык колдонулушу боюнча актуалдуу суроолоруна жооп алышты.