Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. 
Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат».
Зумар сүрөсү, 39/9
Аймактар | 29.05.2025
  • |

Жалал-Абадда имамдар жол эрежелерин кайталашты

Жалал-Абад облустук мусулмандарынын казыяты КР Ички иштер министрлигине караштуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү менен биргеликте облустагы бардык район жана шаарлардын баш имам-хатибдери үчүн атайын окутуу сабагын өткөрдү.

Иш-чарага Жалал-Абад облустук казысы Нематулла ажы Жээнбеков, облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Кылычбек Рысбаев, улук тескөөчү милициянын лейтенанты Марат Мурадилов, «Айдоочулар союзу» авто мектебинин мугалими Дилшат Мадумаров, ошондой эле район-шаарлардын баш имам-хатибдери, жума мечиттердин жана айыл өкмөттөрүнүн жооптуу имамдары катышты.

Окутууда адистер жол кыймылынын эрежелери, жөө жүргүнчүлөр менен айдоочулардын милдеттери, авариялык кырдаалдардын алдын алуу жолдору тууралуу кеңири маалымат беришти. Сабак суроо-жооп форматында өтүп, имамдар кызыккан практикалык маселелер да талкууланды.

Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков жол эрежелерин сактоо ар бир дин кызматкеринин да жарандык милдети экенин баса белгилеп, мындай окутуулар Кыргызстан мусулмандарынын Дн башкармалыгы тарабынан демилгеленгенин айтты.

«Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун атайын буйругунун негизинде, жол коопсуздугун камсыздоо боюнча түшүндүрүү иштерин күчөтүү, жарандардын катарында дин кызматкерлеринин да жоопкерчилигин арттыруу максатында бул сыяктуу сабактар облустун бардык район жана шаарларында өткөрүлөт. Райондук баш имам-хатибдерге тиешелүү тапшырмалар берилди», – деди облустук казы.

Иш-чара дин кызматкерлеринин жол коопсуздугу боюнча маалымдуулугун арттырып, алар аркылуу коомчулукка түшүндүрүү иштерин натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзмөкчү.