Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Билим берүү | 22.04.2025
  • |

Азирети Муфтий мектеп окуучулары менен пикир алышты

Бүгүн, 22-апрель күнү Чүй облусуна караштуу Кемин районунда жайгашкан Болот Бейшеналиев атындагы «Калмак-Ашуу» жалпы билим берүү орто мектебинин мугалимдери жана 8-9-10-11-класстын окуучулары Азирети Муфтийдин кабылдамасында болушту.
Азирети Муфтий келген конокторду жылуу маанайда кабыл алып, мектеп мугалимдеринин иштеринин маанилүү экендигин айтып, окуучуларга ыймандуу, акылдуу жана аракетчил болууга жана ден соолук менен убакытты барктоого чакырып өз акыл-насааттарын айтты. 
«Ислам динибиз билимге жана тарбияга абдан зор маани берет. Ушул алтынга бергис курагыңарда адеп-ахлакка жана билимге басым жасагыла. Ошондой эле ден соолукка кам көргүлө. Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Адамдар (пайдаланууда) кайдыгерлик кылган эки нимат бар; ден-соолук жана бош убакыт» деп баса белгилеп айткан», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.
Жолугушуу алкагында мугалимдер жамааты Азирети Муфтийге ыраазычылык билдиришип, Азирети Муфтийдин колунан чакан белек алышты.

Айта кетсек, аталган жолугушуу жалпы билим берүү мекемеси тарабынан демилгеленип, бир катар маанилүү бирикмелер жана тарыхый жайларды зыярат кылуу кербенинин алкагында уюштурулду.