Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн тапшырмасы менен Чүй облусунун аймагында жайгашкан “София” медресесинде диний окуу жайлар арасында көчмө семинар ийгиликтүү уюштурулуп, жогорку деңгээлде өттү.
Семинарга “Ала-Тоо 2”, “Султан Акмат 2”, “Зулкарнайн”, “Мустафа” жана “Амина” медреселеринин мугалимдери катышып, тажрыйба алмашуу, илимий байланыштарды бекемдөө жана биримдикти чыңдоо максатында ар тараптуу иш-чараларга күбө болушту.
Иш-чаранын негизги бөлүгүндө «Аалымдар – Пайгамбарлардын мураскорлору» деген темада класстан тышкаркы тарбиялык иш-чара өткөрүлдү. Анын алкагында студенттер тарабынан аалымдардын биримдиги, адеп-ахлак жана илимдин баалуулугу тууралуу сценкалар сахналаштырылып, көрүүчүлөргө терең таасир калтырды. Ошондой эле чыгармачыл жаштар өз калемине таандык автордук чыгармаларды көркөм окуп, катышуучуларга руханий азык тартуулашты.
Мындан тышкары, фыхк сабагы боюнча ачык сабак өткөрүлүп, ага катышкан мугалимдер сабактын жүрүшүнө байкоо салып, студенттердин активдүүлүгүн жана теманы өздөштүрүү деңгээлин жогору баалашты.
Иш-чаранын соңунда мугалимдер ортосунда талкуу уюштурулуп, өткөрүлгөн сабактарга жана тарбиялык иш-чараларга анализ жасалды. Жетишкендиктер жана мындан аркы өркүндөтүү жолдору боюнча сунуш-пикирлер айтылып, тажрыйба менен ой бөлүшүүлөр болду. Семинардын жыйынтыгында фыхк сабагы боюнча өткөрүлгөн ачык сабак “эң жакшы”, ал эми класстан тышкаркы иш-чара “эң мыкты” деген баага татыктуу болду.
“София” медресесинин мүдүрү Марьям Мамажусупова бул иш-чара тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:
“Бул көчмө семинар медреселердин ортосундагы ынтымакты, тажрыйба алмашууну жана сапаттуу билим берүүгө болгон умтулуубузду дагы бир ирет айгинеледи. Ар бир мугалим жана студент бул жолку жолугушуудан өзүнө жаңы ойлорду, жаңы демди алды деп ишенем.”
Ал эми Муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаевдин айтымында бул өңдүү иш-чаралар келечек ээлеринин – жаш муундардын руханий, диний жана интеллектуалдык өнүгүшүнө зор салым кошуп, билим берүү мекемелеринин өз ара байланышын дагы да бекемдейт.
“Бүгүнкүдөй көчмө семинарлар – медреселер ортосундагы тыгыз кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну бекемдеген абдан маанилүү аянтча. Биз диний окуу жайларыбызда бирдиктүү окуу программасынын алкагында, заманбап билим берүү ыкмалары менен, сапаттуу диний билимди берүү багытында иш алып баруубуз зарыл. Студенттердин билим сапатына өзгөчө көңүл буруу менен катар, заманбап технологияларды өздөштүрүү да бүгүнкү күндүн талабы болуп калды. Анткени бүгүнкү шакирт – эртеңки аалым, коомдун руханий лидери. Дал ушул сыяктуу иш-чаралар мугалимдердин өз ара тажрыйба бөлүшүүсүнө, методикалык деңгээлди жогорулатууга жана билим берүү сапатын бир нукка салууга өбөлгө болот”, – деди Муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаев.