Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
Ош улуттук драмтеатрында «Козу кызы Бурмакан» атындагы аялдардын диний окуу борборунун 2024–2025-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрү үчүн «Куран» бүтүрүү аземи уюштурулду. Окуу борбордон жалпы 39 студент 30 пара Куранды толугу менен жаттап хафиза болушту.
Иш-чарага Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн адиси Акматбек Оморов, устаздар, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери жана окуу борбордун жалпы эмгек жамааты катышты.
Аземдин жүрүшүндө бүтүрүүчүлөр тарабынан Курандан аяттар окулуп, андан соң Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов илим алуунун маанилүүлүгү жана Оштон чыккан чыгаан аалымдардын басып өткөн өмүр жолу, алардын эмгектери боюнча кеп кылды.
Ошондой эле катышкан коноктор насаат сөздөрүн айтып, окуучуларга илимге умтулуу, адеп-ахлак жана ыймандуу жашоого багыт берүү тууралуу кеңештерин беришти.
Иш-чара соңунда бүтүрүүчүлөргө тастыктамалар тапшырылып, жалпы жамаат менен дуба кылынды.