Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. 
Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. 
Байхаки
Кайрылуу | 01.06.2025
  • |

Азирети Муфтий: Ата-эненин балага бере  турган эң чоң мурасы – бул ыйман жана тарбия

Бисмилляхир рахманир рахим.

Урматтуу мекендештер, урматтуу ата-энелер, мээримдүү мугалимдер, жана жүрөгү нуруна толгон балдар!

Бүгүн — 1-июнь, дүйнө жүзүндө Балдарды коргоо күнү катары белгиленип келет. Бул күн — балдарга болгон жоопкерчиликти эске салган, аларга болгон сүйүүнү, камкордукту жана адилет мамилени бекемдөөгө чакырган өзгөчө күн. Бирок, биз балдарга белгиленген бир күндө эмес, күн сайын, керек болсо саат, мүнөт сайын мээрим төгүп, камкордукка алалы. 

Ислам дини балдарды ыйык аманат катары карайт. Ар бир бала – Алланын белеги, сыноосу жана келечек муундун тиреги. Куранда Аллах Таала мындай дейт: «Мал-мүлкүңөр жана балдарыңар — бул бир сыноо» (Тагаабун, 15-аят).
Бул аятта Жараткандын Өзү бизге балдар — бул өмүр сыноосу экенин билдирет. Демек, биз аларды тарбиялоо, коргоо, адепке үйрөтүү, билимге багыттоо жагынан жоопкербиз.  Ата-эненин балага бере  турган эң чоң мурасы – бул ыйман жана тарбия. Биз алтын эмес, адеп берели. Биз сарай эмес, салих уул-кыздарды калтыралы. Анткени коомдун келечеги дал ошол балдардын жүрөгүнө, акылына, руханий баалуулугуна жараша курулат.

Жапон акылманы Учида Татэо: «Балдарга китеп, жүрөк, убакыт бер. Алардан  сага адамзат кайтып келет», – деген.
Ал эми Нельсон Мандела: «Балдардын өсүшүнө шарт түзүү — бул келечекти калыптандыруу», – деген.
А биздин шариат буга 1400 жыл мурун жол көрсөттү. Анткени, Пайгамбарыбыз (с.а.в.) ар дайым балдарга жылмаюу менен мамиле кылып, алардын көңүлүн оорутпастан, сүйүү жана мээрим менен багыт берчү. Ал баланын оюн бөлбөй, жанына отуруп, көңүлүн улап, тарбияны жүрөктөн жүрөккө өткөрчү.

Урматтуу бир туугандарым!

Бүгүн биз балага оюнчук эле эмес, сүйүү, көңүл буруу, ыйман жана билим берүүгө аракет кылышыбыз керек.
Алар – бүгүнкү наристе, бирок эртеңки мугалим, муфтий, дарыгер, мекен коргоочу, мамлекет башчысы. Эгер бүгүн биз балдарыбызга Куран окутсак — эртең алар дүйнөнү жарык кылышат. Эгер бүгүн жүрөгүн ыйманга толтурсак — эртең алар адилет башкаруучу болушат.

Урматтуу ата-энелер! 
Балаңызга мээрим көрсөтүңүз. Аны уят менен эмес, үлгү менен тарбиялаңыз. Анын көңүлүн эмес, жүрөгүн тартыңыз — анда туруктуу тарбия болот. 

Ал эми  балдарыбызга айтаарым:  Силер — Аллахтын аманатысыңар. Силер — ата-энеңердин көз кубанычысыңар. Силердин жүрөгүңөрдө нур болсун, тилегиңер бийик болсун, кадамыңарда адеп болсун. Билим алгыла, китеп окугула, намаз окугула, ата-энеңерди сыйлагыла. Силерден үммөттүн жаңы нуру, мыкты инсандар чыгат!

Урматтуу мекендештерим!  Бала тарбиясы – бул өтө ыйык жана оор жүк. Бул жүктү шариатка таянып, жүрөктөн келген мээрим менен көтөрөлү. Аллах Таала балдарыбызды ыймандуу, адептүү, билимдүү жана пайдалуу кылсын! Ата-энелерге сабыр, хидаят жана туура жол берсин!

Майрам кут болсун, наристелердин жүзү дайым күлүп турсун!

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров