Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
2025-жылдын 30-31-май күндөрү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов жана КМДБнын референт жана жалпы бөлүм башчысы Абдиназар ажы Хаджибеков Ош шаарына иш сапары менен келип, шаар аймагындагы ДОЖдордун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты.
Текшерүү учурунда диний окуу жайларындагы билим берүү процесси, окутуучулардын квалификациясы, окуу программалары, санитардык-гигиеналык жалпы абал, студенттердин катышуусу жана ички тартип маселелери каралды.
Ошондой эле медреселерде мамлекеттик жана диний талаптардын сакталышы, жаштарга адеп-ахлактык тарбия берүү маселеси өзгөчө көңүл борборунда болду.
Самаган ажы Мырзаибраимов билим берүү тармагын КМДБ тарабынан көрсөтүлгөн талаптарга ылайык иш алып баруу боюнча тапшырмаларды берди. Ал өз сөзүндө билим сапатын жогорулатуу, окутуучулардын кесипкөйлүгүн арттыруу жана тартипти бекем сактоо дин кызматкерлери үчүн артыкчылыктуу милдет экенин белгиледи.
Белгилей кетсек, Ош шаарында 2 институт, 7 медресе бар.