Кечээ, 24-март күнү №5 Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгынын кеңсесинде Ош шаардык мусулмандарынын казыяты тарабынан талкуу уюштурулду. Талкууга №5 Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы жамааты менен, квартал башчылары, имамдар, аялдардын медреселеринин мүдүрлөрү жана аймактагы активисттер катышты. …
Кечээ, 16-март күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыяты ишембилик өткөрүп, ага Ош шаарындагы жалпы диний окуу жайлардын студенттери жана мугалимдери катышты. Аталган ишембиликти Ош шаардык мусулмандарынын казыяты демилгелеп, “Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей” комплексинин жетекчилери менен биргеликте …
Бүгүн, 13-март күнү Ош шаарында пайгамбарыбыздын (с.а.в.) өмүр таржымалы боюнча өткөрүлгөн китеп окуу конкурсунун 1-бөлүгүнүн жыйынтыгы чыгып, Ош шаарындагы аялдардын диний окуу жайларынан катышкан кыз-келиндердин арасынан суурулуп чыгып, жеңүүчү аталгандар сыйланды. Сыйлык тапшыруу аземи “Саида Хадича” …