Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда дин эркиндиги боюнча түшүндүрүү иш-чарасы өткөрүлдү. Жыйындын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин №54 жарлыгы – ысырапкорчулукту алдын алуу жана №67 жарлыгы – маркумду акыркы сапарга узатуу тартиби боюнча кеңири түшүндүрмө берилди.
Иш-чарага Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров, Нарын облусунун казысы Эрик Молдокулов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Нарын облусундагы өкүлү Алмаз Максутов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, имамдар, ак сакалдар жана райондун жигердүү жаштары катышты.
Жыйында облус казысы Эрик Молдокулов диндеги ысырапкорчулуктун кесепеттери жана маркумду узатуудагы ашыкча чыгымдарды кантип азайтуу керектиги тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле бул маселелерди чечүүдө имамдар менен жергиликтүү бийликтин тыгыз кызматташуусу маанилүү экенин белгиледи.
Иш-чаранын соңунда айыл башчыларына, айыл имамдарына жана башка катышуучуларга бул багытта биргеликте иш алып баруу тапшырмасы берилди.