Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков иш планга ылайык райондогу жалпы имамдар арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлгөндүгүн билдирди.
Аталган мелдеш райондук хатибияты тарабынан Абакир уулу Төрө ажынын жаркын элесине арналган мелдеш болуп, анда жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.
1-орунга 7000 сом;
2-орунга 5000 сом;
3-орунга 3000 сом;
4-орунга 1000 сом.
Ошондой эле, калган катышуучуларга да кызыктыруучу белектер тапшырылды.
"Хатибияттын жылдык иш-планында спорттук мелдеш өткөрүү каралгандыктан, аны жаз мезгилинде өткөрүүнү туура көрдүк. Анткени жай жана күз мезгилдеринде айыл жумуштары күчөгөн учур болот. Албетте спорт аркылуу ден соолуктарыбызды чыңдоо менен ынтымакты бекемдөөгө аракет кылабыз", – деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.