Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Эй, момундар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар (болгон) тозоктон сактагыла” (Тахрим сүрөсү, 6-аят).
Үстүбүздөгү жылдын 12-13-май күндөрү Ош облусуна караштуу Алай райондук хатибияты тарабынан имамдардын билим деңгээлин жогорулатуу максатында "Фикх" илими боюнча эки күндүк окуу курсу уюштурулуп, сертификаттар тапшырылды.
Сабакты Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев өзү өтүп, имамдардын фикх илимин тереңдетип окуусу зарыл экендигин кошумчалады.
"Былтыркы жылы облус боюнча жалпы имамдарыбызга акыйда сабактары уюштурулган болсо, бул жылдын башында айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына 5 күндүк окуу курсу уюштурулган. Мына эми Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан дамла хатибият тарабынан окутуу уюштуруп жатат. Албетте, учурда элдин аң-сезими өсүп, дин тууралуу бир топ маалыматка ээ болгон. Буга кудайга шүгүр дешибиз керек. Эми имамдарыбыз да жөн калбастан, окуп үйрөнгөндөрүн кайталап, дагы кошумча изденип, үйрөнүүгө аракет кылуусу зарыл. Ал үчүн атайын өткөрүлгөн окуу курстары ыңгайлуу шарт экендиги талашсыз", – деди облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев.
Аталган окуу курсу учурунда имамдардын жатаканасы жана тамак-ашсы уюштуруучу катары райондук хатибият тарабынан камсыздалды.