Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков райондогу мечиттерге жүз таануучу камераларды орнотуу иштери башталгандыгын билдирди.
Учурда жамаат көп каттаган эки мечитке жүз таануучу камералар орнотулду. Алардын бирөөсү Гүлчө айылында жайгашкан "Марифкан уулу Жолборскан төрө ажы" атындагы борбордук Алай-Гүлчө мечити болсо, экинчиси Сопу-Коргон айылындагы "Өмүрзак казы" атындагы мечитине жергиликтүү жамааттын, демөөрчү ага-эжелердин колдоосу менен жалпы наркы 170 миң сомду түзгөн жүз таануучу камералар орнотулду.
"Буга чейин районубуздагы көп мечиттерге жергиликтүү демөөрчүлөр тарабынан видео байкоо камералары орнотулган болчу. Буйруса эми учурдун талабына ылайык жүз таануучу камералар орнотула башталды. Азырынча жамаат көп каттаган эки мечитке орнотулуп, анын баасы 170 миң сомду түздү. Албетте бул чоң сумма, ага колдоо көрсөткөн демөөрчүлөргө ыраазычылык билдиребиз. Буйруса калган мечиттер да жергиликтүү демөөрчүлөр менен сүйлөшүп, орнотуу иштери болот деп ишенебиз", – деди баш имам-хатиб Эмирлан ажы Бообеков.