Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Баткен облусунун мусулмандарынын казыяты тарабынан Кызыл-Кыя шаарында эмдөө (прививка) боюнча Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын (КМДБ) фатвасын, дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер боюнча мыйзамды, ошондой эле экстремизм, зордук-зомбулук жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы ашыкча чыгымдар жана башка маселелерди коомчулукка туура жеткирүү максатында атайын көчмө жыйын болуп өттү.
Жыйынга Кызыл-Кыя шаарынын вице-мэри Ильяз Бабаев, муниципалдык кызматкерлер, мектеп мугалимдери, медицина кызматкерлери, имам-хатибдер жана жергиликтүү активисттер катышты.
Атайын жыйында негизги темалар катары төмөнкүлөр каралды.
Облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров өз сөзүндө эмдөө маселеси боюнча шарият өкүмүн жана Муфтияттын атайын фатвасын кеңири түшүндүрүп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди. Ошондой эле, коомчулукта кызуу талкуу жараткан никаб (бетти жабуу) маселесине токтолуп, анын шарияттык өкүмү тууралуу маалымат берди.
Мындан сырткары, жыйында Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фуркат Адилбек уулу дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамдар боюнча кенен түшүндүрмө берип, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.
Иш-чаранын соңунда мындай жыйындар диний түшүнүктөрдү туура калыптандыруу жана коомчулуктун арасында ашыкча чыгымдардын алдын алуу максатында уюштурулуп жаткандыгы баса белгиленди.
Көчмө жыйын Баткен облусунун Лейлек районунда 9-апрель күнү, ал эми Сүлүктү шаарында 10-апрелде өтөт.