Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабировдун тапшырмасына ылайык, облус аймагындагы мечит имамдарына, казыят кызматкерлерине, райондук жана шаардык хатибият кызматкерлерине жана диний окуу жайлардын кызматкерлерине жол коопсуздугун камсыздоо максатында атайын сабактар уюштурула баштады.
Анын алкагында бүгүн, 22-апрелде Баткен казыятынын жамааты Баткен шаарында жайгашкан автомектепте жол белгилери боюнча сабакка катышты. Сабак жол эрежелеринин негизи болгон жол белгилери тууралуу болду.
Эске сала кетсек, Кыргызстандын мусулмандарынын Дин башкармалыгы өлкө аймагындагы бардык диний кызматкерлер үчүн жол коопсуздугу жана жол эрежелери боюнча конкурс жарыялаган. Бул конкурс 17-майда онлайн форматта өтөт.
Бул иш-чара дин кызматкерлеринин жол коопсуздугун камсыздоого көмөктөшүү максатын көздөйт. Жол эрежелерин билүү жана сактоо – ар бир жаран үчүн маанилүү.