Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. 
Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат».
Зумар сүрөсү, 39/9
Регионы | 19.05.2025
  • |

Баткенде дин кызматкерлери арасында спорттук иш-чара өттү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы “Газпром” спорт комплексинде дин кызматкерлеринин арасында спорттук иш-чара өткөрүлдү. Спорттук мелдешти өткөрүү эстафетасы Кызыл-Кыя шардык хатибиятына берилгендиктен Ниматилла ажы Топчиев жетектеген Кызыл-Кыя шаардык хатибияты өткөрдү.

Ачылыш аземинде Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров сөз сүйлөп, иш-чаранын максатына токтолуп өттү.

“Бул спорттук мелдештин негизги максаты – ынтымак, биримдик жана достукту бекемдөө. Ислам динине кызмат кылып жаткан кызматкерлер ар тараптан элге үлгү болууга тийишпиз”, – деп баса белгиледи.

Мелдештин кадырлуу коногу болгон Кызыл-Кыя шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Аматов катышуучуларга ийгилик каалап, күчтүүлөр жеңишке жетсин деген тилегин билдирди.

Мелдешке облустук казыят, райондук жана шаардык хатибияттар, диний окуу жайлардын кызматкерлеринен түзүлгөн 11 команда катышты. Алар кичи футбол, стол тенниси, аркан тартыш жана башка спорттун түрлөрү боюнча таймашты.

Жыйынтыгында мыкты оюн көрсөткөн командалар грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты. Жеңүүчүлөр төмөнкүдөй аныкталды:

Кичи футбол боюнча:

1-орун – Кызыл-Кыя шаардык хатибияты
2-орун – Кадамжай райондук хатибияты
3-орун – Баткен райондук хатибияты

Стол тенниси боюнча:

1-орун – Сүлүктү шаардык хатибияты
2-орун – Лейлек райондук хатибияты
3-орун – Кадамжай райондук хатибияты

Аркан тартыш боюнча:

1-орун – Сүлүктү шаардык хатибияты
2-орун – Лейлек райондук хатибияты
3-орун – Ак-Эшан Ата медресеси

Бул спорттук иш-чара квартал сайын кезектешип өткөрүлүп келет. Кийинки мелдеш Сүлүктү шаардык хатибиятынын уюштуруусунда өтө турганы белгилүү болду.